www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кремлде орус лидери Владимир Путин менен жолугушууда Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалын талкуулоону сунуштап, муну “өтө сезимтал” жагдай деп атады.

«Албетте, бүгүн мен сиздер менен айрым маселелерди, өзгөчө биздин эмгек мигранттарына байланыштуу жагдайларды талкуулагым келет. Бул биз үчүн өтө сезимтал жана негизги маселелердин бири», — деди Рахмон 9-майда Путин менен жолугушууда.

22-мартта Москвадагы «Крокус Сити Холлдо» болгон теракттан кийин тажик мигранттарын жапырт түрдө текшерүү, камоо жана депортациялоо күчөгөн.

Эмомали Рахмон дагы бир жолу Орусияны Тажикстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы деп атап, «бул жылдар бою биз позициябызды өзгөрткөн жокпуз жана өзгөрбөйбүз» деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Путин эки өлкөнүн мамилеси «көп багыттар боюнча барган сайын активдүү өнүгүп жатканын» баса белгиледи. Анын айтымында, Орусия Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда.

Тажикстандын миллионго жакын жараны Орусияда иштейт.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости