www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш башталды.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, килем үстүнө кыргызстандык балбандар Азат Салидинов (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Роман Ким (130) чыкты.

Салидинов 1/16 финалдагы биринчи беттешинде молдовалык Михаил Брадуга жеңилди. Браду да кийинки беттешинде жеңилүү ызасын тартып калгандыктан, Салидинов Олимпиаданын лицензиясы үчүн беттешти улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Жусупбеков 1/16 финалда болгариялык Калоян Ивановду жеңип, бирок экинчи кармашында финляндиялык Арви Саволайненге утулуп калды. Ошондой эле Ким да 1/8 финалда азербайжандык Сабах Шариатиден жеңилүү ызасын тарты.

Бирок Жусупбеков менен Кимди уткан балбандар финалга чыккандыктан, аталган эки спортчу көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алды. Башкача айтканда алар Олимпидага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек.

Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште хорватиялык Филип Сметко менен күч сынашат. Ал эми Ким грекиялык Николаос Нтоуниас менен күрөшүп, аны жеңсе, литвалык Мантас Княстаутас менен таймашка чыгат. Андан кийин, эгер, Жусупбеков менен Ким көңүл жубатуучу беттештерин утса, коло үчүн күрөшөт. Коло үчүн кармаштарын жеңип калса, лицензия үчүн беттеш өткөрүшөт.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг жана Амантур Исмаилов 67 кг салмакта Олимпиадага жолдомо уткан.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналат. Бул мелдештен кийин Олимп оюндарына бара турган бардык балбандардын аттары белгилүү болот.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости