www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-февралда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мектептердеги тамактанууну жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү. Анын  жүрүшүндө окуучулардын тамактануусун жакшыртуу, мектептердин ашканаларын байытылган ун менен камсыздоо, жалпы билим берүү мекемелеринде тамак берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелери каралды.

Айрыкча ашканалардагы антисанитария, окуучулардын тамак рационунда жашоого керектүү азык-түлүктөрдүн жоктугуна, пайдаланууга болбогон азык-түлүк продуктуларын колдонууга, продуктулардын сапаты боюнча документтин жоктугуна карата коомчулук тарабынан көп кездеше баштаган даттанууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мектептеринде окуучуларды тамактандыруунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду.

«Мектептердеги тамактантануунун уюштуруу жөнүндө Кыргыз   2002-жылы кабыл алынган, тагыраагы 17 жыл мурда. Белгилей кетсек, Мыйзамдын айрым ченемдери актуалдуулугун жоготту. Буга байланыштуу бул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан, мында жаңы түшүнүктөр киргизилип, тамактануу чени аныкталган жана окуучуларга ысык тамак берүүдө милдеттүү түрдө энергетикалык жана азыктуулук баалуулуктарды сактоого басым жасалууда», – деди А. Өмүрбекова.

Өлкөбүздүн мектептеринин тамак-ашын жакшыртуу максатында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 2013-жылдын мартынан 2018-жылдын декабрына чейин республиканын 505 пилоттук мектебинде 2,2 млн АКШ долларынан ашык суммага заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, 1,15 млн АКШ долларынан ашык суммага 1,772 тонна байытылган ун жеткирилген.

Мындан тышкары «Мерсико» эл аралык уюму менен биргеликте 155 мектепке заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, ошондой эле 390 тонна азык-түлүк продуктусу жеткирип берилген.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосунда өлкөнүн мектептеринде ашкана кызматкерлери ашпозчулар үчүн колдонмолорду, меню түзүү боюнча технологиялык карталарды жана 100дөн ашык тамактын рецепти жайылтылган.

Бул иштер 2022-жылга чейин донорлор менен кол коюлган Меморандумдардын алкагында улантылмакчы.

«Ошентип бүгүнкү күнү жогоруда аталган донорлордун техникалык жардамы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ата-энелердин күчү менен республиканын 2262 жалпы билим берүү мекемелеринин ичинен 1372 мектепте 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган. Биздин милдет – бардык мектептерде ысык тамак берүү үчүн шарттарды түзүү»,- деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Мындан тышкары мектеп алдындагы чарбалардын ишмердиги сунушталды, алар балдарга тамак берүүнү жакшыртуу максатында түзүлгөн. 65% мектептерде өздүк чарбалар түзүлгөн жана алардын ишмердигинин мыйзамдуулугу мектеп тамак-ашынын сапатын жакшыртууда өзгөчө маанигее ээ.

Тилекке каршы окуучулардын чашке тамагы деп аталган бул иштерди аткарууда бир топ коррупциялык көрүнүштөр орун алып келгендиги белгилүү. Мисалы, Бишкек шаарындагы бала-бакча жана мектептерди тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн башкармалык жетекчилери коррупцияга аралашып кеткендиктен, мэрия жетекчилиги акыры жоюп жиберүүгө аргасыз болгон.

Республикабыздын аймактарындагы мектептерде деле ушундай көрүнүш. Башкача айтканда, бюджеттен бөлүнгөн акчаны орто жолдогу шылуундар уурдап кетип, окуучуларга каллориясы төмөн, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды берген учурлар көп кездешет. Андыктан Өкмөт бул жагдайга да олуттуу көңүл буруусу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости