www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Hurriyet гезити орус президенти Владимир Путиндин Түркияга сапары августтун аягында күтүлүп жатканын жазды. Буга чейин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү да Путин ушул айда келет деген үмүтүн билдирген.

Басылманын маалыматына караганда, орус президенти менен түрк өлкө башчысынын сүйлөшүүсүнүн күн тартибинде Украинадагы согуштук аракеттер, дан келишимин калыбына келтирүү, эки тараптуу байланыштар, Түркия, Азербайжан жана Армения ортосундагы мамилелер, ошондой эле Түркия менен Сириянын ортосундагы мамилени нормалдаштыруу маселелери каралат.

Белгилей кетсек, 2-августта Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөн. Андан соң Эрдогандын кеңсеси орус президентинин Түркияга сүйлөшүүгө барууга макулдугун бергенин билдирген. Кремлдин басма сөз кызматы тараптар мүмкүн болгон жолугушууга макулдашканын маалымдаган. Ошол эле учурда орус тарап конкреттүү жерди жана убакытты атаган жок.

 

Последние новости