www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын президенти Владимир Путин «купуя» кол койгон жарлыктардын саны акыркы 20 жылдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Бул тууралуу Медиазона басылмасы укуктук актылар жана документтердин катар сандары жазылган порталдагы маалыматтарга шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, мартта Путиндин жарлыктарынын 54%, апрелде 49% жашыруун болгон. Бул көрсөткүч 2002-жылы декабрда гана жогорку чекке жеткен. Ал учурда экинчи чечен согушу жүрүп, өлкө ичинде көптөгөн теракттар болгон.

Медиазона «купуя» жарлыктар менен көбүнчө согушта өлгөн аскерлерге ордендер тапшырыла турганын белгилеген. Басылма Украина аймагында каза болгон орус жоокерлери тууралуу шаардык жана айылдык акимчиликтердин маалыматтарын изилдеп чыгып, бери дегенде эле мындай 600 орден тапшырылганын билдирди.

Түрдүү маалыматтарга ылайык, Орусия Украинанын аймагына басып киргенден бери 10 миңден 25 миңге чейин орус аскери каза болду. Орусиянын Коргоо министрлиги өз жоготуулары тууралуу акыркы жолу 25-мартта маалымат берген. Анда Украинада 1 351 орус жоокери өлгөнү кабарланган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости