www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украина ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы расмий Киевдин жетишилген макулдашууларды аткарууга умтулуусунан көз каранды. Бул тууралуу президент Владимир Путин Тегеранда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди, деп маалымдайт ТАСС. «Биз бүгүн Киев өкмөтүндө андай каалоо жок экенин көрүп турабыз», - деди Путин.

Путиндин айтымында, Москва менен Киев «чынында келишимге жетишти, болгону аны аткаруу гана калды». Орус аскерлери Украинанын борбордук аймактарынан чыгарылып кеткенден кийин Киев бийлиги келишимдерди аткаруудан баш тартты.

Орусия Федерациясынын президентинин айтымында, ортомчулук кызматтарды Түркия гана эмес, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары да сунуштаган, бул үчүн Орусия аларга ыраазы. «Бул жакшы ишке салым кошуу каалоосу да ансыз деле кымбат», - деди Путин.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-июлда, Тегеранда Орусия, Түркия жана Иран лидерлеринин Сирияда тынчтык жана туруктуулукту орнотуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүү өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости