www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин дан маселесин чечүү үчүн шарт койду

Орусия украин данынын экспортун жеңилдетүүгө даяр, эгерде анын данын экспорттоого бардык чектөөлөр алынып салынса. Бул тууралуу кечээ, 19-июлда Ирандын борборунда өткөн Астана «үчилтигинин» жыйынынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Орус лидери түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына да токтолду.

«Украина данынын экспорту боюнча келишимге жетишүү үчүн Түркия Республикасы жана президент Эрдоган жеке көп иштерди жасашты. Бирок адегенде биз маселени кандай тартипке салуу керек, башкача айтканда: орус данынын экспортуна бардык чектөөлөрдү алып салууга негизделген украин данын экспорттоого көмөктөшөбүз», - деди Путин.

Орус лидеринин айтымында, буга эч ким, анын ичинде АКШ дагы каршы боло элек.

«Мындан жакынкы келечекте эмне болорун көрөбүз», - деди президент.

Путин АКШ орус жер семирткичтерин дүйнөлүк рынокко жеткирүү боюнча чектөөлөрдү жокко чыгарганын эске салды.

«Эгер алар чындап эле эл аралык азык-түлүк рынокторундагы кырдаалды жакшырткысы келсе, орус данын экспортко жеткирүү менен да ушундай болот деп үмүттөнөм. Биз азыр даярбыз. Бизде 30 миллион тонна дандын экспорттук потенциалы бар, ал эми быйылкы жылдын аягына чейин 50 миллион тоннага жетет», - деди орус лидери.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Стамбулда «Дан коридорун» түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп, ага Орусия Федерациясынын, Түркиянын, Украинанын аскер делегациялары жана БУУнун өкүлдөрү катышкан. Жолугушуудан кийин Дүйнөлүк уюмдун баш катчысы Антонио Гутерреш Украинадан Кара деңиз аркылуу азык-түлүктүн коопсуз жана ишенимдүү экспорту үчүн маанилүү кадам ташталганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости