www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Россия президенти Владимир Путин бир катар өлкөлөрдүн лидерлерин жана элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Абхазия, Түштүк Осетиянын лидерлерине, ошондой эле Грузия менен Молдованын элине жолдонгон.

Россия президенти тарыхты бурмалоо боюнча бардык аракеттерди жокко чыгаруу маанилүү экенин баса белгиледи. Телеграммада аталарыбызга оор сыноолорду татыктуу көтөрүп, фашизмди талкалоого жардам берген достукту, бири-бирине колдоо көрсөткөн адаттарды сактап кийинки муундарга өткөрүп берүү керектиги жазылган.

Путин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында калыптанган бир туугандык, достук байланыш өлкөлөр менен элдердин ортосундагы алаканы өнүктүрүүгө түркүк болуп кала берерине ишеним артты.

Россия Федерациясынын башчысы ардагерлерге жана тылда эмгектенгендерге ден соолук, бакубатчылык каалаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости