www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия «Ата-Түрк» паркынын аймагын кайра калыбына келтирүү аракетинде «бөрк ал десе баш алып жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.

Анын айтымында, хансарайлардын ээлери, жер тилкесине мыйзамсыз кожоюн болгондор менен бирге күнөөсүз жарандар дагы жапа чегип калышы мүмкүн.

Эмил Токтошев Малдыбаев 54А жана 54Б дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү батир ээлери парламентке кайрылуу жолдогонун айтты.

«Парктын жерлери колдон колго өтүп кеткен. Мен хансарайлар жөнүндө айткан жокмун. Ал жерде көп кабаттуу үйлөр бар. Аандагы 250 батирдин жашоочуларында күнөө жок. Алардын арасында карапайымдар, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер бар. «Бөрк ал десе, баш алып», элдин нааразычылыгын пайда кылып жатат. Миң киши көчөгө чыкса, жаңы үйлөр бузулса не болот? Көзөмөл кылып койсок», — дейт Токтошев.

Төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Москвадан иш сапардан келгенден кийин толук түшүндүрмө берерин айтты.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев парктагы үйлөрдү бузууга каршы чыккан. Ал 3 сунуш көтөргөн:

  • парктын жерин мыйзамсыз берилишине күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу;
  • парктагы үйлөрдүн жер салыгын көтөрүү;
  • парктын аймагын тосуп, курулушка тыюу салуу.

Парктын 43 гектар жеринде 198 объект уруксатсыз жайгашкан. Мэрия үйлөрдү муниципалитетке өткөрүп берүүнү талап кылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости