www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү 10-августта билдирди.

Маалыматка таянсак, башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандык «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген расмий макамга ээ болот. Аларга тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгуу, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. Мындай макамды далилдөөчү «Мекен-карт» деген мамлекеттик документ он жылга берилет.

Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга бул мыйзам иштебейт.

Ошондой эле,  «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт. Өзү жөнүндө жалган маалымат бергени аныкталса, макамынан ошол замат ажыратылат.

Мындай статусту ыйгаруу, узартуу, токтотуу жана андан ажыратуу тартибин, тиешелүү документтин үлгүсүн жана аны берүүнү өкмөт аныктайт.

Документти Жогорку Кеңеш ушул жылдын 11-июнунда кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости