www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливандын борбору Бейрут шаарында болгон ири жарылууудан кийин өкмөткө болгон кысым күчөдү. Жекшемби күнү, тагыраагы 9-августа болгон ири нааразычылык акциясынан кийин Ливандын өкмөтүнүн эки мүчөсү кызматтан кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты

Ливандын маалымат министри Манал Абдел Самад жана айлана-чөйрө жана административдик өнүгүү министри Дамианос Каттар жарылуудан кийин кызматтан кеткен.

Буга чейин Ливан парламентинин төрагасы Набих Берри 13-августта чукул жыйын өткөрөрүн, анда өкмөт өлкөнүн борборунда орун алган жарылуу жөнүндө отчёт бере турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Бейрутта 8-августта болгон нааразычылык акциясында демонстранттар полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, полиция менен кагылышуудан 238 адам жаракат алып, алардын 63ү ооруканага жаткырылган.

Ливандагы көпчүлүк жарандар 4-августта 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Бейрут шаарындагы жарылууга өкмөттү күнөөлөп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости