www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амонду кабыл алды.
Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, анын ичинде мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун чыңдоо максатында инновациялык чечимдерди киргизүү жана тажрыйба алмашуу келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы жаратылыш ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле экономиканын стратегиялык маанилүү тармактарында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана заманбап ыкмаларды киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын катарында кала берерин айтты.
Бул контекстте тоо-кен тармагын ырааттуу өнүктүрүү, анын ачыктыгын жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле ишенимдүү өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө SICPA SA компаниясынын башкы директору Филипп Амон мамлекеттик суверенитетти анын экономикалык жана санариптик өлчөмдөрүндө бекемдөөгө, экономиканын ачык-айкындуулугун жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган заманбап технологиялык чечимдерди сунуштады.
Салыктык башкарууну өркүндөтүү, көмүскө экономиканы кыскартуу жана товар жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай чечимдерди колдонуу экономикалык коопсуздукту чыңдоого, мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы турууга жана мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү баса белгиленди.
Жолугушуунун соңунда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдарлык ырасталды.
Маалымат үчүн: SICPA SA компаниясы аткезчиликке жана жасалма продукцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө, ошондой эле салык төлөөдөн качуунун алдын алууга мүмкүндүк берген мониторинг жана контролдоо технологияларын иштеп чыгуучу Швейцариянын алдыңкы компанияларынын бири болуп саналат.