www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
“Чакан ГЭСтерди куруу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү натыйжалуу жана ыкчам инструменттердин бири болуп эсептелет. Бул долбоорлор энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатып, муктаждыктарыбызды четинен азайтууга өбөлгө түзөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда бир топ роль ойнойт”, - деди Президент.
Ал бул тармактагы жетишкендиктер аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүүгө шарт түзүп, “жашыл экономикага” өтүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын белгиледи.
“Учурда жалпы республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн куруп, ишке киргизүү мерчемделген. Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтөт”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңири пайдалануу аркылуу Кыргызстан эл аралык экологиялык милдеттенмелерин аткарууга жана “жашыл өнүгүү” саясатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.
Президент долбоор Улуттук инвестициялар агенттигинин көмөгү аркылуу “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылганын билдирди.
“Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциядан турган каскад курулду. Биринчиси — Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 МВт, экинчиси — анын куймасы Туюкта 5,9 МВт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт.
Өндүрүлгөн электр энергиясы толугу менен улуттук энергетикалык системасына берилет. Бул долбоор электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана экономиканы өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, — деди Президент.
Ал долбоордун алкагында толук энергетикалык инфратүзүм: башкы курулмалар, гидроэлектр станциялардын имараттары, подстанциялар, ошондой эле электр берүү линиялары курулганын баса белгиледи. Бардык объекттер ата мекендик инвестордун каражатына курулду. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,7 млрд сомду түзөт.
Мамлекет башчысы бул долбоор Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи.
Президент ошондой эле кирешелерди легалдаштыруу тууралуу мыйзам жеке инвестициялардын жанданышына өбөлгө түзгөнүн айтты. Натыйжада гидроэнергетика, өнөр жай, туризм жана жол курулушу тармактарында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Мыйзам иш жүзүндө натыйжаларын берип жатат.
“Жалпысынан алганда, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү – бул энергетика тармагын диверсификациялоо, туруктуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык кызыкчылыктарын камсыз кылуу багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү”, - деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.
Андан соң Президент ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышып, машина залын, башкаруу пультун жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү көрүп чыкты.
Иш-чаранын соңунда Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, гидроэлектр станциялар активдүү курулуп жатканына карабастан, айрыкча кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы сакталып жатканына токтолду. Бул мурдагы импорттук көз карандылыкка, ошондой эле экономиканын өсүшүнө, жаңы ишканалардын, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жана натыйжада ички энергиянын керектөөсүнүн көбөйүшүнө байланыштуу.
Ошол эле учурда ал Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор ишке ашса, келечекте ички керектөөнү толук камсыздап, электр энергиясын экспорттоого чыгууга мүмкүн болоруна ишеним билдирди.
Жергиликтүү тургундар жүргүзүлүп жаткан саясатты колдой турганын билдиришип, оң өзгөрүүлөрдү белгилешти. Президент Садыр Жапаров жарандарга ишеним үчүн ыраазычылык айтып, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн туруктуулук жана коомдук ынтымак негизги шарт экенин баса белгиледи.