www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Вашингтондо АКШнын Эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясынын (U.S. International Development Finance Corporation, DFC) саясат боюнча директору Кэролайн Вик менен жолугушту. Жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйындарынын алкагында өттү.

Тараптардын сүйлөшүүсүндө министр Кыргыз Республикасы DFC менен экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү негизги артыкчылыктардын бири катары карай турганын белгиледи.

2025-жылдын жыйынтыктары тууралуу сөз кылып жатып, Бакыт Сыдыков жыл Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн ийгиликтүү болуп, жогорку экономикалык өсүштүн туруктуу багыты бекемделгенин белгиледи. Жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң продукт 11,1 %га өсүп, анын көлөмү 2 трлн сомго жакындады.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасына биринчи жолу Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги тарабынан «B» деңгээлиндеги, туруктуу божомолдогу суверендүү кредиттик рейтинг ыйгарылганын белгиледи. Мындан тышкары, S&P Global Ratings өлкөнүн кредиттик рейтингин «B+» деңгээлине чейин көтөрүп, туруктуу божомол берген, бул улуттук экономиканын туруктуулугуна болгон оң баалоонун кошумча ырастоосу болду.

Министрдин айтымында, бул жетишкендиктер эл аралык каржы рынокторунун ишенимин бекемдеп, өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жашыл каржылоо фонду түзүлгөнү белгиленди.

Кыргыз тарап DFCнин бул Фонддун ишине катышуусуна кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мүмкүн болгон багыттарды кароого чакырды.

Министр Кыргыз Республикасынын DFC менен өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, анын натыйжалуу жана узак мөөнөттүү өнүгүшүнө ишеним билдирди.

Последние новости