www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 28-августта, өлкөдөгү эң ири «Евразия» аттракциондор паркынын ачылыш аземине катышты. 

Парк Россия менен Кыргызстандын элдеринин достугунун белгиси катары жана ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата «Евразия» фондунун жеке каражатына курулуп, Кыргыз Республикасына тартууланды.

Жаңы парк 10 гектарга жакын аянтты ээлейт. Келгендер үчүн 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү акысыз жеткиликтүү. Кирүү расмий колдонмо аркылуу QR-код менен ишке ашырылат, бул бардык категориядагы жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдары Бишкек өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары өнүгүүнүн маанилүү этабынан өтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

«Бүгүнкү күндө шаарыбыз өнүгүү жолуна түштү. Көптөгөн жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфратүзүмдүк объектилер пайда болууда. Жолдор оӊдолуп, шаар көрктөндүрүлүп, бир кездеги кооз жана жашыл шаар келбетине келип баратат», – деди Садыр Жапаров жана жаңы оюн-зоок паркы дагы шаарыбыздын көркүн ачып, балдарыбыздын, жаштарыбыздын жана шаарыбызга келген туристтердин активдүү эс алуу жайы болоруна ишеним билдирди. 

Президент парктын курулушу 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы Евразия мейкиндигиндеги салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында башталганын эске салды.

“Инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта инвестицияларды жалаң эле өндүрүш ишканаларына багыттабай, бүгүнкүдөй социалдык долбоорлорго да салууга кириштик. Бул паркка тартылган инвестициянын көлөмү 35 млн АКШ долларын түзөт”, - деп ырастады Мамлекет башчысы.

Бул паркка кирүү акысыз болот. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул социалдык жактан бөлүүгө жол бербей, бардык балдарга бул паркта бирдей шарттарда ойноо жана эс алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жасалган.

«Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун Кеңешинин Төрайымы Алена Аршинова Садыр Жапаровдун колдоосу менен «Евразия» паркынын курулушу мүмкүн болгонун белгиледи. Ал Борбор Азия үчүн уникалдуу болгон, балалыкка, үй-бүлөлүк салттуу баалуулуктарга арналган бул парк тийиштүү абалда сакталып, жергиликтүү тургундар, коноктор жана туристтер үчүн сүйүктүү жайга айланарын баса белгиледи. 

Последние новости