www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Хизб ут-Тахрир аль Ислами» ДЭУнун мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан 2025-жылдын 22-августунда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында, КР КЖК 331-беренеси («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, «И.А.А.», «М.М.С.», «А.Р.Р.», «А.Р.А.», «А.Н.Б.», «К.А.К.», «Б.З.С.», «А.М.Т.» аттуу 8 мүчөсүнүн («Каракол» жана «Түп» бөлүмчөлөрү) жашаган даректери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар түрдүү диний адабияттар, ошондой эле социалдык тармактарда радикалдык идеологияны жайылткан аккаунттар катталган уюлдук телефондор табылып, алынган. Алынган буюмдар боюнча тиешелүү экспертизалык иштер дайындалды.
Учурда КР УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, тыюу салынган уюмдун калган башка катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар уланууда.