www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ала-Тоо” адабий журналынын кайрадан жарык көрүшүн кубаттап, анын биринчи саны колуна тийгенин билдирди.
Мамлекет башчысы журнал кыргыз элинин нарк-насилин жайылтууда жана улуттук жазма адабий тилди өнүктүрүүдө баа жеткис руханий казына экенин белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө экономика жана каржы тармактары менен катар маданиятка, анын ичинде адабиятка да өзгөчө көңүл бурулууда.
Президент көп жылдардан кийин кайрадан басылып чыккан журнал окурмандар үчүн чоң кубаныч экенин айтып, анда тарых, тил, маданият, улуттук өзгөчөлүк жана каада-салт тууралуу кызыктуу материалдар жарыяланып турарына ишеним билдирди.
Ошондой эле жаш калемгерлердин чыгармаларын жарыялоо аркылуу алардын чыгармачылыгын коомчулукка кеңири таанытууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Садыр Жапаров “Ала-Тоо” журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө салым кошуп гана тим болбостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий дүйнөнү байытууга кызмат кыларын айтты.
Мамлекет башчысы жарандарды журналга жазылууга чакырып, “Ала-Тоо” айына бир жолу чыгып турарын жана аны “Кыргыз туусу” басма үйүнөн алууга болорун кошумчалады.
“Ала-Тоо” адабий журналынын сапары байсалдуу болушун каалады.