www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна барды. 

Мамлекет башчысы экзамендик процесстин уюштурулушу, ошондой эле болочок айдоочулардын теориялык билимин текшерүү шарттары менен таанышты.

Сапарынын жүрүшүндө Президентке санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу менен экзамен тапшыруу жол-жобосу көрсөтүлдү. Тест системасы адам факторун толугу менен жокко чыгарары белгиленди. Экзамен автоматташтырылган режимде, сынак алуучулардын катышуусуз алынат. 

Система курсанттын башынын кыймылын көзөмөлдөп турат жана эгерде көз экрандан алыстаса, бул сынак тапшыруу тартибин бузуу катары бааланат. Мындан тышкары, ноутбуктун камерасына башка адамдардын кириши үчүнчү жактардын кийлигишүүсү катары каралат жана тесттин жыйынтыктарын жокко чыгарууга негиз болуп саналат.

Андан соң Мамлекет башчысы жеке автомектептердин курсанттары жана директорлору менен жолугушуп, жол кыймылынын эрежелерин бузуудан улам келип чыккан жол кырсыктарын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды кеңири түшүндүрүп берди. 

Президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо системасында көптөн бери коррупциялык көрүнүштөр катталып келгенин, натыйжада жеке автомектептерде экзаменди ийгиликтүү тапшыргандардын үлүшү мурда 90 пайыздан ашып кеткенин белгиледи. Ошол эле учурда айдоочулардын көпчүлүгүнүн билим деңгээли белгиленген талаптарга жооп бербей келген.

Ал коррупцияга каршы системалуу күрөш башталгандан, көзөмөл күчөтүлгөндөн жана тиешелүү органдарда кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин абал түп-тамырынан бери өзгөргөнүн баса белгиледи. Сынак тапшыруунун ачык-айкын жана катуу тартибинин шарттарында ийгиликтүү тапшыргандардын саны 18–20 пайызга чейин кыскарды, бул айдоочулук күбөлүк алууга талапкерлердин даярдык деңгээлин объективдүү көрсөттү. 

Мамлекет башчысы тартипти мындан ары чыңдоо, адам факторун жок кылуу жана сынак системасын тартипке келтирүү менен айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз алуу мүмкүнчүлүгү толук жоюларын, экзамен тапшыруу процесси адилеттүү жана объективдүү болорун белгиледи.

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров акыркы он жылда республикада 75 миңге жакын жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 9 120 адам каза болгонун айтты.

Президент ошондой эле жеке автомектептердин биринин директору 70ке жакын окуу объектисин мыйзамсыз менчиктештирип алганын, алардын бир бөлүгү жеке жактарга берилип, 40ка жакыны жеке пайда көрүү үчүн колдонулганын билдирди.

Бул жагдайга байланыштуу Мамлекет башчысы аталган автомектептердин бардыгы мамлекеттин балансына кайтарыларын, аларда окутуу процесси он айлык окуу мөөнөтүн караган бирдиктүү талаптарга ылайык уюштуруларын белгиледи. Негизги басым теориялык жана практикалык даярдыктын сапатын жогорулатууга, ошондой эле келечектеги айдоочулардын жолдо коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга жасалат. 

Мамлекет башчысы белгиленген тогуз айлык окуу мөөнөтү күн сайын сабакка катышууну талап кылбасына токтолду. Окутуу процесси заманбап мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен уюштурулат: сабактар жумасына бир нече жолу, анын ичинде онлайн форматта өткөрүлөт. Бул окууну күнүмдүк иш менен айкалыштырууга мүмкүндүк берет.

Президент Садыр Жапаров мындай ыкма менен айдоочулукка талапкерлерге унаа каражатын коопсуз башкаруу үчүн зарыл болгон теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү толук өздөштүрүүгө бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи. Ал келечекте экзамендерди жалпы билим берүүчү мектепти аяктагандан кийин эле тапшырууга мүмкүн болорун кошумчалады. Бул келечектеги айдоочуларды эрте жаштан баштап системалуу даярдоого жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун туруктуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт. 

Жолугушуунун жүрүшүндө автомектептердин курсанттары Мамлекет башчысына өз суроолорун берип, айдоочуларды даярдоо системасын андан ары өркүндөтүү жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча сунуштарын айта алышты.

 

Последние новости