www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын резерви – бүгүнкү күндө өлкөлөрдүн финансылык туруктуулугун, геосаясий салмагын жана кризистик кырдаалдарга даярдыгын аныктаган эң маанилүү факторлордун бири.

Дүйнөлүк банктын 2025–2026-жылдарга карата январь айындагы маалыматына ылайык, дүйнөдө алтын кору эң көп топтолгон мамлекет катары мурдагыдай эле Америка Кошмо Штаттары алдыда турат. АКШнын резервинде 8 миң тоннадан ашык алтын бар.

Бул доллардын дүйнөлүк валюта катары үстөмдүгүн сактоодогу негизги тиректердин бири.

Европа да алтынга өзгөчө маани берип келет. Германия, Италия жана Франция сыяктуу өлкөлөрдүн резерви 2-3 миң тоннадан ашат. Бул мамлекеттер үчүн алтын инфляцияга, валюталык туруксуздукка жана глобалдык кризистерге каршы “коопсуз калкан” катары кызмат кылат. 
Орусия менен Кытай да алтын корун активдүү көбөйткөн державалардын катарында.

Бул кадамды Батышка болгон экономикалык көз карандылыкты азайтуу жана доллардан акырындык менен алыстоо аракети катары баалоого болот. Швейцария, Индия жана Жапония сыяктуу өлкөлөр да олуттуу көлөмдөгү алтын резерви менен дүйнөлүк финансылык системада өз позициясын бекем кармап турат.

Кызыктуу жагдай — Түркия, Польша, Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан же постсоветтик өлкөлөрдүн акыркы жылдары алтын корун ырааттуу көбөйтүп жатканы байкалат. Айрыкча Өзбекстандын 360 тоннадан ашкан алтын резерви региондогу эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Казакстан да алтын-валюта резервин улуттук экономикалык коопсуздуктун негизи катары карайт.

Жакынкы Чыгыштагы Сауд Арабиясы, Катар, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу мунайга бай өлкөлөр үчүн алтын — мунай кирешесине альтернатива катары каралган стратегиялык актив. Ал эми Латын Америкасында Венесуэла, Бразилия жана Аргентина сыяктуу мамлекеттер үчүн алтын резерви экономикалык санкциялар же каржылык кысым шартында өзгөчө мааниге ээ.

Бул тизмеде Кыргызстан да бар. Улуттук банктын маалыматтарына ылайык, өлкөнүн алтын резерви 40 тоннадан ашат. Албетте, бул көрсөткүч дүйнөлүк масштабда чакан көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстандын экономикалык өлчөмүн эске алганда, бул — маанилүү стратегиялык ресурс. Айрыкча алтын өндүргөн өлкө катары Кыргызстан үчүн алтын резервин туура башкаруу, аны экономикалык өнүгүүгө кызмат кылдыртуу мамлекеттик саясаттын негизги маселелеринин бири болууга тийиш.

Арийне, дүйнөдө геосаясий чыңалуу күчөгөн сайын, санкциялар жана валюталык тобокелдиктер көбөйгөн шартта алтын кайрадан эң ишенимдүү байлык катары алдыңкы планга чыгууда. Алтын кору – бул жөн гана байлык эмес, бул мамлекеттин эртеңки күнгө болгон ишеними.

Последние новости