www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки чартердик учак аркылуу 300 жаранды алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.
“Эгер БАЭден учууга уруксат берилсе, калган жарандарыбызды бир күндүн ичинде алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет”, - деп жазды президент.
Маалыматка ылайык, биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар эвакуацияланат.
Мамлекет башчысы жарандарды сабырдуулукка чакырды.