www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын адвокаты Нурбек Токтакуновго жазган катында маалым кылды.

Катта Аскат Жетиген №27 түрмөнүн жетекчилиги аны айып изоляторуна (ШИЗО) жапканын, буга бир нече күн мурун абакка акыйкатчынын (омбудсмен) өкүлдөрү барып, ал жакта жазасын өтөп жаткандардын абалы, шарттары менен таанышуу учурунда абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айтканы себеп болгонун жазган.

Аскат Жетиген ошондой эле түрмө кызматкерлери абакты жылытууга бөлүнгөн көмүрдү ысырапчылык менен иштетип жатканын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаралганын, 2000 сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганын белгилеген.

Аталган түрмөнүн Улан аттуу кызматкери кыйноого алганын билдирген активист абакта ал "ашкере оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү" экенин жазып, ачык айткандарды айып изоляторуна камап, ар кандай ишке мажбурлап келерин билдирген.

Абактагы акын ошондой эле түрмөнүн жетекчиси да ал жакта кармалып тургандарга коркутуп, үркүтүп, орой мамиле кыларын белгилеген.

Адвокат Нурбек Токтакунов №27 абактын жетекчилигине Аскат Жетигендин айып изоляторуна камалуу себебине түшүндүрмө талап кылып, кат жолдогон.

Последние новости