www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Маалыматка ылайык, сыйлыктар кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомчулукта чоң резонанс жараткан оор кылмыштарды ачууга кошкон салымы үчүн берилди.
“Эрдик” ордени менен Чүй ОИИББнин тергөөчүсү Таалайбек Акунбеков, ИИМдин атайын отрядынын кызматкери Эркин Алагозов, ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын өкүлү Самат Алсеитов жана Аскар Жыргалбеков сыйланды.
Ал эми “Ардак” медалы Өмүрбек Ашырбаев, Дамира Мамырова жана Асылбек Турганбаев аттуу кызматкерлерге тапшырылды.