www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Жаштар кеңешинин алкагында уюштурулган «Жаш кадрлар мектебинин» расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев катышып, жаштарга багытталган мамлекеттик саясаттын мааниси тууралуу сөз сүйлөдү. 

Төрага өлкөнүн келечеги жаштардын билимине, демилгесине жана мекенчилдигине түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бүгүнкү жаштар коомдогу өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин кошумчалады.

Ошондой эле быйыл Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн Жаштар кеңеши жаштар менен парламенттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, алардын сунуш-пикирлерин мыйзам чыгаруу процессине тартууга өбөлгө түзөрүн эске салды.

«Бул жаңы институт жаштар менен парламенттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү системдүү нукка салып, жаштардын сунуш-пикирлерин мыйзам чыгаруу процессине киргизүүгө, алардын демилгелерин колдоого жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда жаш муундун катышуусун кеңейтүүгө түрткү берет деген чоң ишенимдебиз» – деди Төрага.

Андан сырткары, дүйнөдө санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана жаңы экономикалык моделдер тездик менен өнүгүп жаткан шартта билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жаштар мамлекет үчүн эң чоң байлык экенин белгиледи.

Төраганын айтымында, «Жаш кадрлар мектеби» келечектеги мамлекеттик кызматкерлерди, лидерлерди, аналитиктерди жана коомдук ишмерлерди даярдоочу маанилүү аянтча болуп саналат. 

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, жаштарды мамлекеттик башкарууга кеңири тарткан өлкөлөр туруктуу өнүгүүгө жана инновациялык өсүшкө тез жетишет. Анткени жаштар жаңыча ой жүгүртөт, заманбап технологияларды тез өздөштүрөт жана коомдогу өзгөрүүлөргө ыкчам жооп бере алат. Ошондуктан бүгүн жаштардын демилгесин колдоо келечекке салынган инвестиция», – деди Марлен Маматалиев. 

Мындан тышкары, Жаштар кеңешинин ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн бардык тараптарды тыгыз кызматташууга чакырды. 

Сөзүнүн соңунда Марлен Маматалиев «Жаш кадрлар мектебинин» катышуучуларына ийгиликтерди каалап, өлкөнүн келечеги билимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жаштар менен байланыштуу экенин баса белгиледи. 

Жыйын суроо-жооп иретиндеги талкуулар менен уланып, андан соң «Жаш кадрлар мектебинин» катышуучулары Ата-Бейит мемориалдык комплексине жөнөп кетишти.

Последние новости