www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте кайрылуу жасап, өлкөдөгү жагдайга токтолду. Өзгөчө басымды коррупция менен күрөшкө жасап, мамлекетке зыян келтирип, элдин ырыскысын ичип-жегендер сөзсүз жоопко тартылаарын, мамлекеттин укуругу узун экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Өлкө башчысынын сөзүнөн кийин куйругунда калбыры бар, баскан изи мандемдүү эл өкүлдөрү шибегеде отургандай эле болушту.
Маселен, коррупция боюнча шектелип, кылмыш иши козголуп сурак берип жүргөн Акылбек Жапаров президенттин кайрылуусунан кийин маалымат каражаттарына маек берип шилекей чачыратты. Кызыгы, “Коррупция менен күрөштүү деген бул жүздүн бири, калган токсон тогуз жумуш калып калбаш керек» – дегенди айтып кылтыңдады. Муну менен Жапаров президент коррупция менен күрөшөм деп, калган тармакты унутуп калбашы керек дегенди кыйытты.
Сыягы, бир нерсенин жытын сезип жаткандай. Айтмакчы, Жапаров криматалык Камчы Колбаевдин апасынын 70 жылдык маараке тоюна барып кошумча кошуп жүргөнүн эске алганда, абакка жатып калсам ыдык көрүп калбайын деп алдын-ала кам көрүп жаткандай…
Булак: “Фабула”