www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 8-июлунда Польша Республикасынын Белосток шаарында «Династия. Металл. Ат. Евразия аркылуу өткөн патрилиниялык көпүрө. Польша-Литва татарлары менен кыргыздардын генетикалык туугандыгы жана алардын маданий байланыштарын калыбына келтирүүнүн символдук мааниси» аттуу китептин бет ачары өттү.

Иш-чарада Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев тарыхчы Кубан Чороев менен биргеликте даярдаган эмгегин тааныштырды.

Китепте заманбап генетикалык изилдөөлөрдүн, тарыхый булактардын жана генеалогиялык маалыматтардын негизинде кыргыздар менен польша-литва (липка) татарларынын документалдык жактан тастыкталган туугандык байланышы каралат. Авторлор бул изилдөө Борбордук Азия жана Европа элдеринин ортосундагы тарыхый эс тутумду бекемдөөгө, маданий диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө багытталганын белгилешет.

Элчинин сапарынын жүрүшүндө аны тарыхчы жана генеалог, Мазовия жана Подляшьенин майда шляхтасын изилдөө боюнча адис доктор Лукаш Любич-Лапиньский коштоп жүрдү. Ал 2008-жылдан бери аталган багытта генеалогиялык жана генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп, «Кыргыз бутагы» түшүнүгүн илимий жүгүртүүгө киргизген.

Сапардын алкагында Өмүрбек Текебаев Супрасль шаарынын мэри Радослав Добровольский, Белосток шаарындагы университеттин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы К. Горин жана Польша Республикасынын муфтийи Томаш Мишкевич менен жолугушту.

Жолугушууларда маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, конфессиялар аралык диалогду бекемдөө жана жалпы тарыхый-маданий мурасты сактоо маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен польша-литва татарларынын ортосундагы тарыхый байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Польша тарап өкүлдөрү сунушталган эмгектин илимий баалуулугун белгилеп, анын маданияттар аралык байланыштарды чыңдоого кошкон салымын жогору баалашты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар тарыхый мурасты сактоо, маданий алмашууларды кеңейтүү жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө багытында кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Последние новости