www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чувашия Республикасынын тургуну пенсионерди акча үчүн өлтүргөндүгү үчүн 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-апрелинде Ибреси айылында бир киши шериги менен 74 жаштагы кошунасынын үйүнө кирип, эки уюлдук телефонун карактап алып, андан болгон акчасын берүүнү талап кылышкан. Эгер бербесе өлтүрүп салабыз деп коркутушкан. Аял өзүндө болгон 4750 рубль акчасын берген. Кылмыштын изин жашыруу үчүн аялды муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок, жип үзүлүп кетип кылмышкер аялдын моюн жагына бир нече жолу бычак менен сайып салган. Алган жаракатынан жабырлануучу каза тапкан. Кол салгандар белгисиз тарапка качып кетишкен. 

“Аз убакыттын ичинде кылмышкерлер кармалды. Мештен уурдалган телефондордун калдыктары, ошондой эле уурдалган акчанын бир бөлүгү да табылган. Айыпталуучу 20 жылга эркинен ажыратылды”, -деп айтылат маалыматта. 

Ал эми кылмышкердин шеригине карата козголгон кылмыш иши ал тергөө органдары менен кызматташкандыгы үчүн материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

Последние новости