www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөнүн төрт тарабынан эң алдыңкы маалымат каражаттарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү чогулуп, медиа-өндүрүш тармагынын учурдагы жетишкендиктери, көйгөйлөрүн талкуулаган "Биргелешкен келечекке көз караш" деген темада абройлуу Global Video Media Forumдун өтүп жатканы алкоого арзыйт.
Себеби, илим-билим, технология өнүккөн заманда маалымат каражаттарынын орду өзгөчө экени талашсыз чындык. Демек, медиа-өндүрүш тармагына өтө чоң маани берилип, дүйнөлүк маалымат айдыңында биргеликте кызматташуу үчүн байланыштарды чыңдоо, интеграциялык алаканы бекемдөө учурдун талабы.
Андыктан, 2023-жылдын 12-октябрында Пекинде алгачкы ирээт өткөрүлүп жаткан форумдун Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпи́ндин колдоосу, көрөгөч демилгеси менен CMG (CCTV+, CGTN....) тарабынан уюштурулуп жатканын кубаттайбыз.
Медиа-форумдун көтөргөн жүгү, милдеттери келечекте дүйнөлүк алкакта жалпы адамзаттын көйгөйлөрү менен күрөшүүдө, жана чечүүдө чоң инструмент болуп берет деп ишенем.
Айталы, бүгүнкү күндө экология маселеси оорчундуу көйгөйгө айланып баратат. Дүйнөдө болуп жаткан жаратылыш кырсыктары, табиятка аяр мамиле кылуу зарылдыгын көрсөтүүдө. Биз
“Биргелешкен аракеттер жөнүндө декларацияны” кабыл алууда, дал ушул экология, жаратылыш маселенине өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл деп эсептейм.
Булак: NazarNews.kg