www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Тан Кефей бүгүн, 1-августта брифингде Вашингтондун Тайванга аскерий жардам көрсөтүүсүн Кытайдын ички иштерине одоно кийлигишүү деп атады.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Тайванга коргонуу үчүн 345 миллион доллар жардам көрсөтүүнү буйруган.

"Кошмо Штаттар Тайванга аскердик жардам көрсөтүү менен Кытайдын ички иштерине одоно кийлигишип, анын эгемендигине жана коопсуздук кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирип, Тайвань кысыгындагы тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч келтирүүдө. Биз буга кескин түрдө каршыбыз жана буга чейин АКШга олуттуу билдирүү жасаганбыз, — деди Тань Кефей.

Ал Тайвань маселеси Кытайдын түпкү кызыкчылыктарына таасир этээрин жана Кытай-АКШ карым-катнаштарында өтүп кетпеши керек болгон кызыл сызык экенин белгиледи.

"Биз Кошмо Штаттарын Тайвань менен болгон аскерий аракеттенүүнүн бардык түрлөрүн токтотуп, кооптуу жана туура эмес жолго түшпөөгө үндөйбүз", - деди ал.

Ошондой эле, Тан Кефей Кытай армиясы Тайвандагы кырдаалга кылдат байкоо салып, жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкта турганын кошумчалады.

Тайвандын тегерегиндеги кырдаал 2022-жылдын август айынын башында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин аралга жасаган иш сапарынан кийин кыйла курчуп кеткен. Тайвань аралын өзүнүн провинцияларынын бири деп эсептеген Кытай бул кадамынан АКШнын Тайвандык сепаратизмге колдоо көрсөтүп жатканын көрүп, Пелосинин сапарын айыптап, масштабдуу аскердик машыгууларды өткөргөн.

Кытайдын борбордук өкмөтү менен Тайвандын ортосундагы расмий мамилелер 1949-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминдандын аскерлери Тайванга көчүп келгенден кийин үзүлгөн. Арал менен материктик Кытайдын ортосундагы бизнес жана расмий эмес байланыштар 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардын башынан тартып тараптар бейөкмөт уюмдар аркылуу байланыша баштаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости