www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автоунааны кайра каттап жатканда Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин алуу нормасын киргизүү сунушталды. Мындай демилгени Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы иштеп чыгып, министрлер кабинетине токтом долбоорун даярдаган.

"Бул аракет автоунаасына камсыздандыруу полисин алгандардын санын көбөйтүүгө өбөлгө болору белгиленген. Учурда камсыздандыруу кенен жайылган эмес. Полис алуу транспорт ээлеринин жол кырсыгынан тарткан чыгымдарын жаап берет. Анын ичинде унааны оңдоого же үчүнчү тараптыкын калыбына келтирүүгө чамасы жетпеген жарандарды социалдык жактан коргоону камсыздайт", — деп жазылган долбоордо.

Мындан улам Финкөзөмөл ОСАГО камсыздандыруу полисин алуунун кыйыр механизмдерин колдонууну сунуштап жатат. Эгер аталган норма кабыл алынып калса, автоунаасын сатып жаткан жаран жаңы ээсине өткөрүп берерден мурун камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда көп жылдан бери ОСАГОну милдеттүү түрдө киргизүү аракети жасалууда, бирок мөөнөтү кайра-кайра жылдырылып келет. Быйыл жазда 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү түрдө киргизилери айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости