www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Палестина өлүм жыттана баштады

1948 - жылдан бери уланып келе жаткан зомбулук азыркы учурда түрдүү алааматтар менен коштолууда. Акыркы баскынчылыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жаракат алды. Алардын 75%дайы жаш балдар.

14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джавад Авад менен жолугушту. Төрага Нурланбек Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгилеп өттү.

Палестина мамлекетинин элчиси Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоосун көрсөткөндөргө ыраазычылыгын айтты: “Биз көрсөткөн көмөгүңөрдү эч качан унутпайбыз. Тилекке каршы берилген гуманитардык жардамдарды Палестина элине жеткирүүгө да тоскоолдук жаратып, ооруканаларды да талкалап жатышат. Андыктан, дүйнө коомчулугун Израил баскынчылыгын токтотууга чакырабыз”, – деди.

Джавад Авад элчилик ишмердүүлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстанда айкалыштыра аткарат. Ал эми резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости