www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштагы байыркы эң таанымал архитектуралык курулуштардын катарын толуктаган, Месопотамиядагы эң эски жана маанилүү калаалардын бири болгон болжол менен 4000–5000 жыл мурун гүлдөп өнүккөн Ур шаарында көп баскычтуу (катмарлуу) чоң диний имарат Зиккураттын курулушу бүгүнкү күндө дагы адамзатты таң калтырып келе жатат.
Зиккурат – алгач караганда Египет пирамидаларына окшош, төрт бурчтуу, асманга умтулган имарат. Бирок пирамидалардан айырмаланып, зиккураттар катмар-катмар болуп курулган. Бул жөн гана кооздук үчүн эмес. Ар бир деңгээлде маанилүү диний жөрөлгөлөр өтүп, ыйык делген диний кызматкерлер жана шаарды башкарган адамдар иштеген.
Зиккураттар азыркы Ирак жана Иран аймактарында кеңири таралган. Бул зор курулуштар Месопотамия цивилизациясынын канчалык күчтүү жана өнүккөнүн көрсөтүп турат.
Эң белгилүү жана жакшы сакталган зиккураттардын бири – Урдун Улуу зиккураты. Аны казуу иштери XX кылымдын башында башталган, ал эми 1920-жылдары археолог Леонард Вулли Лондон жана Филадельфия музейлери менен бирге бул эстеликти толук ачып, дүйнөгө тааныткан.
Вулли жана анын командасы түндүккө так багытталган чоң тик бурчтуу пирамиданы табышкан. Анын өлчөмү болжол менен 64 × 46 метр, бийиктиги 30 метрге чейин жеткен. Курулуш үч ярустан турган. Биринчи деңгээлге үч чоң тепкич алып барса, андан ары экинчи деңгээлге бир тепкич чыгып, ошол жерде храм жайгашкан.
Зиккураттын ички бөлүгү чийки кирпичтен, сырты бышкан кирпичтен курулуп, битум менен бекемделген. Төмөнкү катмарга эле 720 миңдей кирпич кеткен, ар бири 15 кгдан ашык салмакта болгон. Мындай курулушту бүгүн да оңой менен тургузуу кыйын.
Бул зиккурат б.з.ч. 2100-жылдар чамасында падыша Ур-Намму тарабынан ай кудайы Наннага арналган. Нанна – Ур шаарынын башкы кудайы болгон. Зиккураттын чокусундагы храм шаардагы эң бийик чекит болуп, алыска чейин көрүнүп турган.
Бул жерге адамдар курмандык алып келишкен, ошондой эле азык-түлүк да бөлүштүрүлгөн. Храм диний эле эмес, административдик борбор да болгон. Түшүм ошол жакка тапшырылып, кайра элге бөлүштүрүлчү.
Тилекке каршы, зиккураттын үстүндөгү храм бүгүнкү күнгө чейин сакталган эмес. Археологдор көгүш глазурь менен капталган бир нече кирпичтерди гана табышкан.
Ошентсе да, төмөнкү бөлүгү жакшы сакталган. Анда кызыктуу инженердик чечимдер бар. Мисалы, нымдуулукту чыгаруу үчүн дубалдарда атайын желдетүү тешиктери жасалган. Ошондой эле жаан суусун агызуу үчүн дренаж системалары болгон.
Зиккурат эки жолу калыбына келтирилген. Биринчи жолу байыркы доордо б.з.ч. VI кылымда падыша Набонид үстүңкү эки катмарын кайра курган.
Экинчи жолу – XX кылымда. 1980-жылдары Саддам Хусейн төмөнкү деңгээлдин фасадын жана тепкичтерин кайра оңдоткон. Бирок кийин согуш учурунда эстелик кайра жабыркаган. Хусейн зиккураттын жанында аскер учактарын жайгаштырып, бул жерди бомбалашпайт деп ойлогон. Бирок андай болгон эмес. Согуштан эстеликтин айрым бөлүктөрү зыян тарткан.