www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында жубайлар коронавирус инфекциясынын айынан бир күндө каза болушту. Бул тууралууу саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип, жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алмазар районунда жашаган 68 жаштагы эркек кишинин жана анын 67 жаштагы аялынын температурасы 38 градуска көтөрүлдү. Жалпы алсыздыктан улам, алар 5-июлда Республикалык медициналык илимий изилдөө борборуна "Тез жардам" унаасы менен жеткирилген. Оорулуулар текшерилип, COVID-19 менен аныкталган.

Андан кийин, эки бейтап тең №1 шаардык клиникалык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Абалдары начар болгондуктан экөө тең ИВЛ аппаратына туташкан.

Акыркы күндөрү жубайлардын абалы кескин начарлап, 14-июлда курч респиратордук жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумушкан.

Коңшу өлкөдө 14 миң 85 адам коронавируска кабылса, 67 бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости