www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн ооруканаларда орундар тартыш болууда. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын өкүлү Хабибулла Акилов брифинг маалында билдирди.

«Оорунун белгилери жок адамдарга үйдөн дарыланууга уруксат берилгенине карабастан, ооруканаларда орундар калбай калды. Мындан улам өнөкөт оорулары бар башка бейтаптар каза болуп жатышат.

Буга чейин тесттин жыйынтыктары 5-6 саатын ичинде даяр болсо, азыр адамдар эки күндөн бир жумага чейин күтүүгө аргасыз болуп жатышат. Бул аралыкта алар илдетти бири-бирине, башкаларга жугузуп жүрүшөт. Ошондуктан өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү», — деди ал.

1-августка чейин күчүндө боло турган карантин чараларына ылайык, өлкө жолдорундагы кыймылга, аймак аралык каттамдарга чектөө киргизилет. Мындан тышкары мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин бир бөлүгү эмгек өргүүсүнө жөнөтүлүп, калгандары мүмкүн болушунча аралыктан иштегенге өтөт.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 10,8 миңден ашып, 42 бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости