www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев эски Ош базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы базардын учурдагы абалына көңүл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирүү, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган туристтик шаарчага айландыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле бул аймак соода-сатык жүргүзүлүүчү жайга айланбай, негизинен кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы катары иш алып барарын белгиледи.

Последние новости