www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катализаторлорду экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Министрлер кабинети Кыргызстандан эски катализаторлорду, ошондой эле катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлүн жана калдыктарын алып чыгууга алты айлык убактылуу тыюу салды.

Бул токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул чечимдин максаты автомобиль газдарынын булгануусун азайтуу аркылуу адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын, айлана-чөйрөнү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо болуп саналат.

«Катализатор — бул автоунаанын газ чыгаруучу тутумунун эң кымбат элементтеринин бири. Анын баасы транспорт каражатынын наркынын 13%ына чейин жетет. Ушуга байланыштуу рынокто бул элементти пайда табуу максатында кайра сатуу үчүн ыктыярдуу түрдө чыгаруу жана уурдоо учурлары көбөйдү»,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости