www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда 23–29-сентябрь күндөрү жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Өспүрүм-түн» аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүлдү.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, рейд учурунда түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүргөн 100 жашы жете элек өспүрүм аныкталган.

Алардын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүп, балдардын түнкү убактагы жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, рейд учурунда дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыздын жүргөн жери аныкталып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Ош ОИИБи балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантыларын билдирди.

Последние новости