www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияда турак жайды ислам принциптери боюнча каржылоо механизмин иштеп чыгууну сунуштады.
Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын учурдагы программаларында пайыздык каржылоо каралгандыктан, айрым жарандар диний ишенимдерине байланыштуу аларды пайдалана алышпайт.
Депутат турак жай сатып алуунун альтернативдүү механизмдерин, анын ичинде ислам банкингинде колдонулган мурабаха жана мушарака принциптерин карап чыгууну сунуштады.
«Эгер Мамлекеттик ипотекалык компания шарияттын талаптарына ылайык турак жайды каржылоонун өзүнчө механизмин иштеп чыкса, жарандар турак жайды ислам принциптерине ылайык бөлүп төлөө жолу менен сатып ала алышат», — деди ал.
Депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниядан мындай механизмди киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү өтүндү.
Маалымат үчүн:
Мурабаха — банк турак жайды сатып алып, кардарга алдын ала белгиленген үстөк баа менен бөлүп төлөөгө сатат. Кардар үчүн төлөмдөрдүн суммасы жана мөөнөтү алдын ала белгилүү болот.
Мушарака — банк менен кардар турак жайга биргелешип каражат салып, менчикти жана киреше/чыгымды алдын ала макулдашылган шартта бөлүшөт