www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

ИИМдин маалыматына ылайык, атайын операциянын алкагында 1991-жылы туулган М.Ж.Р. аттуу жаран кармалып, жеке тинтүү учурунда анын жанынан синтетикалык баңгизат табылган.

Андан кийинки ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында мыйзамсыз затты сатуу каналы аныкталып, 2006-жылы туулган А. уулу К. жана топтун дагы бир мүчөсү – 2005-жылы туулган А.Б.Ш. кармалган.

Аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.

Учурда алынган зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканын ИИМ билдирди.

Министрлик синтетикалык баңгизаттар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна өзгөчө коркунуч жаратарын эскертип, алардын аз өлчөмү да оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Последние новости