www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынын кесепетинен 10 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-августта саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 651-чакырымында, тагыраак айтканда, Отуз-Адыр айыл аймагынын Ынтымак айылында Кара-Суу районунун тургуну 1999-жылы туулган Ж.у.Э 10 жашар кызды сүзүп кетти. Айдоочу Өзгөн шаарын көздөй бара жатып, рулду башкара албай, жолдон өтүп бара жаткан 2010-жылы туулган Б.М. коюп кеткен.

Натыйжада ал Ош облустук ооруканасында көз жумган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости