www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында курулуш мыйзамдарын жана коопсуздук талаптарын бузган курулуш компаниясынын иши убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, департаменттин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаарынын Ишматов көчөсү, 152/1 дарегинде жайгашкан 23 блоктон турган беш кабаттуу турак жай комплексинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш-монтаждоо иштери техникалык ченемдерди жана коопсуздук талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон.
Тактап айтканда, курулуш аянтында коргоочу тосмолор орнотулбаганы, ал эми жумушчулар атайын коргоочу кийимдер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалбаганы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча «Буссоль» ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин объекттеги курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш компанияларын мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана коопсуздук талаптарынын талаптарын так сактоого чакырды.