www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто азык-түлүк жашылча-жемиштерге мониторинг жүргүзүлдү

Ош шаарынын мэриясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү менен биргеликте азык-түлүк жана жашылча-жемиштердин бааларына кезектеги мониторинг жүргүздү.

Бул жолу текшерүү Жапалак мөмө-жемиш базары аймагында өтүп, социалдык маанилүү товарлардын баалары көзөмөлгө алынды. Сатуучуларга бааларды негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мониторингдин жыйынтыгында Жапалак базарындагы азык-түлүк баалары башка соода жайларына салыштырмалуу төмөн экени аныкталган.

Базардагы айрым баалар:
— пияз — 18 сом
— сабиз — 35–40 сом
— картошка — 38 сом
— бадыраң — 50 сом
— 5 литр суу май — 500 сом
— помидор — 100 сомдон башталат
— күрүч — 77 сомдон башталат
— макарон азыктары — 70 сомдон башталат

Маалыматка ылайык, социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жума сайын жүргүзүлүп турат.

 

Последние новости