www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-майда Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Ажымалиев Тимурлан Максатбекович жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ализода Назирмад катышты.
Жабылуу аземинин алкагында кыргыз жана тажик өнөрпоздору тарабынан концерттик программа тартууланып, эки элдин достугун, маданий байланышын жана руханий жакындыгын даңазалаган чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү.
Иш-чарада эки мамлекеттин маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн мааниси белгиленип, мындай маданий алакалар элдер ортосундагы достукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрү Кыргызстанда бир нече күн бою өтүп, анын алкагында концерттер, көргөзмөлөр, кино көрсөтүүлөр жана башка маданий иш-чаралар уюштурулду.