www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатынан 5-кабатына түшүп кеткен 11 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан кабарлашты.
Окуя күн мурун, 29-апрелде болгон.
Маалыматка ылайык, ал учурда 5-кабаттагы батирде эч ким жашабагандыктан, бала бекилип калган батирдин балконунда жардамсыз калган.
Окуя болгон жерге Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, баланы балкондон алып чыгышкан.
Куткарылган бала ата-энесине аман-эсен өткөрүп берилди. Анын абалы жакшы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди этият болууга жана балдарды кароосуз калтырбоого катуу эскертет.