www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдарда эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштайт.
2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (Жалал-Абад” аэропорту) ички авиамаршруттарынын авиабилеттерине макулдашылган баа системасы киргизилүүдө.
Бул чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU сыяктуу ата мекендик авиакомпаниялар менен өткөргөн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Диалогдун жүрүшүндө тараптар өз ара келишип, баа түзүү боюнча бирдиктүү ыкманы макулдашышты.
Бекитилген параметрлерге ылайык Бишкек-Ош маршруту боюнча авиабилеттердин баасы эрте брондоодо 3 800 сомдон башталып, ошол эле учурда учуу алдындагы акыркы күндөрдө максималдуу баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек-Манас (“Жалал-Абад” аэропорту) маршруту боюнча баштапкы баасы 3 500 сомду, ал эми максималдуу баасы – 4 100 сомду түзөт.
Авиакомпаниялар өз тарабынан белгиленген чектик баалардан ашырууга жол берилбестигин ырасташты.
Мамлекеттик авиаташуучу “Asman Airlines” мындан да жеткиликтүү баа саясатын кармана тургандыгын өзүнчө белгилеп кетүү керек, алсак Бишкек-Ош багыты боюнча максималдуу баа 5 500 сомду, ал эми Бишкек-Манас багыты боюнча 4 100 сомду түзөт.
“Ички авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгү маселеси биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Бекитилген тарифтерди киргизүү ички авиаташуу рыногун турукташтырууга, баалардын кескин өзгөрүшүнүн алдын алууга жана жүргүнчүлөр үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, — деп белгиледи Манасбек Самидинов.