www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында 3-март — Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, туу көтөрүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана аскер кызматкерлери катышты.

«Бүгүн Мамлекеттик туу күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөйм. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде ар дайым желбиреп турсун! Бүткүл өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары башын бийик көтөрүп, жеңиштерде туубузду желбиретишсин! Ылайым, биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын!» — деди Кенжебаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер шаардын борбордук аянтына мамлекеттик тууну көтөрүштү.

Белгилей кетсек, мамлекеттик туу легендарлуу парламент тарабынан эки ай талкууланып, 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Быйыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна 34 жыл толду.
 

Последние новости