www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Instagram тармагында 100 миллион жазылуучудан ашкан алгачкы дүйнөлүк лидер болду. Бул көрсөткүч аны саясатчылардын арасында социалдык тармактагы эң популярдуу фигурага айлантты.
The Times of India басылмасынын маалыматына ылайык, башка лидерлер кыйла артта калган. Алсак, Дональд Трамп - 43,2 млн, Индонезиянын белгилүү саясатчысы Прабово Субианто - 15 млн, Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва - 14,4 млн, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганда - 11,6 млн жазылуучусу бар.
2014-жылы ачылган Модинин аккаунтунда болгону 1209 пост бар. Ошого карабастан, анын аудиториясы ылдам өсүп, көптөгөн дүйнөлүк жылдыздарды артта калтырууда. Платформанын абсолюттук рекордчусу болгон футболчу Криштиану Роналдого учурда 671 млн жазылуучу катталган.
Индиянын ичинде да Модинин үстөмдүгү айкын. Анын негизги атаандаштары Уттар-Прадеш штатынын башкы министри Йоги Адитьянатх 16,1 млн жана оппозиция лидери Рахул Ганди 12,6 млн катталуучусу менен бир кыйла артта калышкан.
Модинин санариптик ийгилиги, заманбап саясий коммуникациянын мисалы десек болот. Социалдык тармактар лидерлерге миллиондогон аудитория менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берген жаңы саясий аянтчага айланды. Бул жерде программалардан да мурда образ, визуал жана аудитория менен түз эмоционалдык байланыш маанилүү болууда.