www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан баштап Ош шаарынын кире беришиндеги бардык санитардык-карантиндик посттор алынып салынды. Мындай чечим Ош шаардык жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын отурумунда кабыл алынды.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын чек араларында жети санитардык-карантиндик пост орнотулган (“Жапалак ДЭУ”, “Тээке-Аскер полигону”, “8-март”, “ТЭЦ”, “Беш-Көпүрө”, “Кырарык-Арка”, “Амир -Тимур “).

Бирок, эпидемиологиялык кырдаал татаал бойдон калаарын эсиңиздерге салабыз, оорунун бир аз төмөндөшүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо керек.

Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарында коронавирустун жана пневмониянын 24 учуру катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости