www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында ооган тектүү кара куурай чайырын (гашиш) сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган С. О. Б. аттуу жарандын «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасына тинтүү жүргүзүлгөн. Кароо учурунда 101 гр кара куурай чайыры (гашиш) жана 155 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып, кылмыш ишинин материалдарына буюм далил катары тиркелди.

Андан ары ыкчам иш-чаралардын алкагында 1989-жылы туулган Д. С. С. аттуу жарандын жашаган дарегинде кызматтык иттин жардамы менен кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлдү. Натыйжада 4 кг 600 грамм гашиш, 2 даана РГД-5 үлгүсүндөгү граната, белгисиз үлгүдөгү колго жасалган ок атуучу курал, 51 даана ок, 2 000 АКШ доллары жана 87 000 сом акча каражаты табылып, алынды.

Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу 1982-ж.т. К.С.С. экендиги аныкталып, ал жашаган үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, ооган тектүү гашиш (чарс) баңгизаты табылып, алынган. Кармалган жаран К.С.С. баңгилик кылмыштарды жасагандыгы үчүн чет мамлекеттер тарабынан бир нече жолу соттолгондугу аныкталган.

Шектүүлөрдүн үчөө тең кармалып, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жалпысынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 4 кг 706 грамм кара куурай чайыры, 2 даана граната, 1 даана ок атуучу курал, 51 даана ок, 2000 АКШ доллары жана 242 000 сом акча каражаты алынды. Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. 

Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

 

Последние новости