www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралында депутат Нилуфар Алимжанова «Конрад Аденауэр» фондунун стипендианттары менен жолугушуп, аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.   

Иш-чарага «Конрад Аденауэр» Фондунун Борбор Азиядагы өкүлү Андре Алгермиссен, Өзбекстан жаштар парламентинин өкүлү Собитов Отабекхужа Юлдош Угли жана Аликулов Ашраф катышты. Жогорку Кеңештин ишмердиги менен таанышууда  кыргыз парламентинини түзүмү, мыйзам чыгаруу процесси, комитеттердин ишмердүүлүгү жана депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары,  Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова делегация менен ачык форматта баарлашуу өткөрдү. Жолугушууда парламенттик дипломатияны өнүктүрүү, жаштардын мыйзам чыгаруу процессине катышуусу, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, парламенттин иши жана депутаттык ишмердүүлүк тууралуу кеңири жоопторду алышты. Катышуучулар мындай иш-чаралар жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга жана мамлекеттик башкаруу системасы тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Последние новости