www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-январь күнү Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Өзгөн районунун акими, прокурору, УКМКнын башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл башчылар, имам жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлери катышты.
Жыйында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, жол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
Координациялык кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө укук бузуулардын алдын алууда биргеликте иш алып баруу үчүн конкреттүү тапшырмалар берилди.